Сузак районунда мугалимдин окуучуну башка чаап урушуп, ургулап жаткан видеосу тарап, талкууга алынган. Кийинчерээк кол көтөргөн мугалим иштен алынары маалым болгон. Аталган окуя боюнча SUPER.KG порталына билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев төмөнкүлөрдү билдирди.
"Албетте, мугалим окуучуга кол көтөрбөөсү керек эле. Бирок коомдо мугалимди ушундай абалга жеткирген да жагдайлар болуп калуусу мүмкүн экенин унутпоо керек. Мынчалык деңгээлдеги окуяга тарбиянын тайкылыгы себепкер болду деген пикирдемин. Тарбия билим берүү мекемесинен эмес, үй-бүлөдөн, чөйрөдөн башталып, бала бакча, мектеп жана университеттен калыптанат.
Эгер баланын үй-бүлөсүндө жакшы тарбия берилген болсо, бул окуя болмок эмес. Мугалим дагы ачууга алдырбай сабырдуулук кылып, окуучунун ата-энеси, мектеп администрациясы менен кеңешип, көйгөйдү тынч чечип койсо болмок", - деди министр.
Ошондой эле Бейшеналиев мугалимди жумуштан алуу боюнча маселени комиссия чечерин кошумчалады.