Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте окуган окуучуга кол көтөргөн мугалим жумуштан алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мектептин мугалими тастыктады.
Маалыматка ылайык, мугалим Эмгек кодексинин 381-беренеси "Педагогикалык кызматкери менен эмгек келишимин бузуу үчүн кошумча негиздер: Окуучуга, тарбиялануучуга карата күч колдонуп жана (же) психикалык зомбулук көрсөтүшүнө байланышкан тарбиялоо усулдарын, анын ичинде бир жолу пайдаланганда” боюнча иштен бошотулган.
Буга чейин мугалимдин окуучуну башка чаап урушуп, ургулап жаткан видеосу тарап, талкууга алынган. Кийинчерээк кол көтөргөн мугалим иштен алынары маалым болду.