Бишкектеги коомдук транспорттордо тышкы көрнөк-жарнактарды жоюу боюнча түшүндүрүү иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Транспорт департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу тапшырмалардын аткарылышын жеке көзөмөлүнө алып, №137, 166, 128, 102 маршруттук линиялардын жетекчилери, бригадирлери жана айдоочулары менен коомдук транспорттун эстетикалык түрү маселеси боюнча жолуккан.
"Күн сайын башкармалыктын кызматкерлери акырындык менен коомдук транспорттун акыркы пункттарына барып, аткарылышын көзөмөлдөйт", - деп билдиришти мэриядан.
Мэрия тапшырма боюнча пландуу текшерүүлөр уланарын билдирди.