Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу айрым мектептер онлайн форматта окутууга өтүшөт

Өлкө аймагында Жалпы республикалык тестирлөө өтүп жатат. Буга байланыштуу 27-28-май күндөрү Бишкектеги айрым мектептер онлайн форматта окутууга өтүшөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, төмөнкү мектептер дистанттык окутууга өтүшөт:

  • Октябрь району боюнча - №3 жана №88 жалпы билим берүүчү орто мектептери, №39, №62, №63, №64 мектеп-гимназиясы;
  • Биринчи Май району боюнча - №6 автордук окуу комплекс мектеп-гимназиясы, №27 жана №28 жалпы билим берүүчү орто мектептери, №29, №24 мектеп-гимназиясы, №69 гимназия окуу-тарбия комплекси.

Белгилей кетсек, жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы 24-25-май күндөрү болуп өткөн. Ал эми экинчи этабы 27-28-май күндөрү өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан