Талас облусунун Манас районунда милициянын аймактык пункту ачылды. Анын ачылышына жергиликтүү бийлик көмөк көрсөткөнүн облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, милициянын аймактык пункту Арал айылындагы айыл өкмөттүн имаратында ачылды.
"Манас РИИБдин начальниги Айбек Акматов аймактык пунктту көрүп, айыл өкмөт башчы менен жолугушуп, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу багытында участкалык уполномоченныйларга бир катар тапшырмаларды берди. Калкка сервистик тейлөө көрсөтүү максатында ал жерде дайыма кызматкерлер Кайыңды айыл өкмөтүнүн тургундарын жеринен кабыл алып, көйгөйлөрүн чечип беришет. Учурда алар элдин кайрылууларына тезинен чара көрүп, үй-бүлөлүк зордук зомбулукту болтурбоо үчүн жана сууга байланышкан кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин алып барышууда", - дешет мекемеден.