Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда өтүп жаткан "Коопсуздук-2022" биргелешкен штабдык жана мобилизациялык машыгуусу жыйынтыкталды. Анда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кылмыштуулук менен күрөшүүнү ар тараптан көрсөтүштү.
Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, 25-майда машыгууга тартылган кызматкерлер бөлүштүрүлүп, күч каражаттары, атайын техникалар саптык кароодон өткөрүлдү. Ошол эле түнү машыгуунун алкагында бир катар объектилерге ар кандай багытта чабуулдар уюштурулуп, милиция кызматкерлери өз милдеттерин аткарышты. "Ак-Там" блокпостунан унаа менен жашыруун алынып бара жаткан курал-жарак жана ок-дарылар табылып алынды.
Ал эми бүгүн, 26-майда куралдуу кылмышкерлер бастырып кирген учурда жана курал-жарак, ок-дарыларды ташып бараткан кылмыштуу топ аныкталган учурда спецназдын жана тергөө ыкчам топторунун реакциялары көрсөтүлдү.
Машыгуунун жыйынтыктоочу бөлүгүнө президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, активдүү катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды.
Машыгууга Ала-Бука РИИБдин жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын өздүк курамы, күч түзүмдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.