Белгилүү ашпозчулар түрдүү тамактарды жасап берет. Түркияда түрк ашканасынын жумалыгы өтүүдө

Түркияда түрк ашканасынын жумалыгы өтүүдө. Анда түрк ашканасынын өзгөчөлүктөрү, оригиналдуулугу, ден соолукка пайдасы, туруктуулугу жана калдыксыз экендигин көрсөтүү, таанытууну көздөгөн гастрономиялык жумалык 21-майда башталган. Иш-чара бир жума, тактап айтканда 27-майга чейин уланат. Аталган жумалыкта белгилүү ашпозчулар менюлары менен тааныштырып, өз колу менен тамактарын жасап берип, келгендерге даам сыздырат.

Жумалыкта дүйнөнүн булуң-бурчунан келген конокторго түркиялык тажрыйбалуу ашпозчулар өз колдору менен жасаган тамактарынан даам сыздырылат.

Түрк ашканасына онлайн жол

Түркия түрк ашканасын дүйнөгө таанытуу үчүн атайын онлайн гид turkishcuisineeeek.com сайтын иштеп чыкты. Гастрономиялык онлайн платформага оригиналдуу рецептер, мыкты ашпоздор жана алардын тамак жасаган видеолору, академик жана диетологдордун кеп-кеңештеринен турган макалалар жүктөлгөн. Turkishcuisinweek.com түрк жана англис тилдеринде иш алып барат. Аталган сайтка бүгүнкү күнгө чейин да бир топ маданий, куланириялык маалыматтар жарыяланып, кеңири аудиторияга түрк ашканасын таанытып келе жатат.

Юнеского кирген түрк ашканалары

Миңдеген жылдардан бери түрдүү цивилизациялардын ордосу болуп келе жаткан Түркиянын Газиантеп, Хатай жана Афёнкарахисар шаарлары гастрономия боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун билим, илим жана маданият боюнча мекемесинин (ЮНEСКО) Креативдүү шаарлар бирикмесине (Creative Cities Network) киргизилген.

Түркиянын өзгөчө даамдуу тамак-аштары менен дүйнөгө белгилүү Газиантеп, Хатай жана Афёнкарахисар ашканаларынын кылымдык тарыхы бар.

Убагында цивилизациянын очогу, ордосу болгон Түркияда тамак-аш маданияты тарых менен кыйла жуурулушуп турат. Айрыкча түрк элинин жоогазын сымал cтакандан ысык-чай ичүү маданияты бүт дүйнөгө белгилүү.

Ошондой эле Түркия шараптын да мекени. Таза шарап өндүрүү боюнча дүйнөгө атагы чыккан Урла шаары жыл сайын конокторго алты миң жылдык тарыхы бар жүзүмдөн жасалган шараптарын тартуулап келет.

Муну менен катар Түркиянын Стамбул шаары ашкана маданияты менен белгилүү калаалардын бири болуп саналат. Стамбул жакында эле Michelin дүйнөнүн эң алдыңкы ресторандар уюмунун рейтингинде 38 орунду ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан