Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев референдумдан кийин ага ашыкча ыйгарым укуктар жана артыкчылыктар берилбей турганын билдирди. Мындай маалымат Казакстан президентинин расмий сайтына жарыяланды.
"Жаңы Казакстан же экинчи республика - бул түз маанидеги демократиялык коом. Президенттик башкаруу системасын сактоо менен парламенттин ролу жана таасири кыйла күчөйт. Бул укуктук реформадан кийин мага президент катары ашыкча ыйгарым укуктар жана артыкчылыктар берилбейт. Менин милдетим - коомдо зарыл болгон кайра курууларды ишке ашыруу жана элибиздин жаркын келечегине жол ачуу болуп эсептелет", - дейт президент Касым-Жомарт Токаев.
Ошондой эле ал демократиялаштыруу процесси бул реформалар менен бүтпөй турганын, Казакстан дагы узак жолдон өтүшү керек экендигин кошумчалады.
Эске салсак, Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду 5-июнда өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон.