Буга чейин Улуттук университет тарабынан депутат Фархат Исмаиловго диплом берилбегени маалым болгон. Бүгүнкү күндө эл өкүлүнүн диплом алган, албаганы тактала элек. Тагыраагы, Борбордук шайлоо комиссиясына Фархат Исмаиловдун диплому бар, жогу тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин корутундусу келе элек.
Бул туурасында БШКнын маалымат кызматына байланышканыбызда белгилүү болду.
"Биз апрель айында Билим берүү жана илим министрлигине өтүнүч жөнөткөнбүз. Азырынча мекемеден депутаттын диплому боюнча корутундусу келе элек. Бизге тиешелүү корутунду келип түшөрү менен комиссия карап чыгып, чечим кабыл алат", - дешти басма сөз кызматынан.
Белгилей кетсек, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетин 2006-жылы "Бухгалтерлик учёт жана аудит" кесиби боюнча аяктагандардын арасында Фархат Исмаилов жок экени айтылган.