Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эртең, 27-майда күндүз жана 28-29-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн кабарлайт.
Маалыматка ылайык, жер-жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми бийик тоолуу аймактарда жайгашкан райондордо кар жаап, 28-майда кээ бир райондордо, 29-майда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Мындан сырткары тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
"Өлкөдөгү туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Аймактарда өзгөчө кырдаал жаралган учурда министрликтин 112 кызматына чалып, жардам сураңыз. Чалуу акысыз", - дешти министрликтин маалымат кызматынан.