Акылбек Жапаров орусиялык кинорежиссёр Никита Михалков менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык экономикалык форумга катышуу үчүн Бишкекке келген орусиялык кинорежиссёр Никита Михалков менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар ЕАЭБ алкагындагы маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулашты.

Никита Михалков ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасына Евразиянын "Бриллиант көпөлөк" киносыйлыгын уюштуруу идеясы тууралуу айтып берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы бул идеяны колдоого даярдыгын айтып, Кыргызстан келерки жылы киносыйлыктын ачылыш аземин Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүүгө даяр экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан