Төрага Асылбек
Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда Санкт-Петербургга жасаган иш-сапарынын алкагында Орусия
Федералдык Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.
Жолугушууда эки
тараптуу кызматташуу багытындагы соода-экономикалык, энергетикалык,
гуманитардык маселелер тууралуу талкуу болду.
Ошондой эле тараптар Орусияда иштеген кыргыз
мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүүгө биргелешкен иш-аракеттерге өзгөчө көңүл
буруп, тараптар достук жана биримдик мүнөздөгү эки тараптуу мамилелерди,
тарыхый жалпылыктарды, маданий-гуманитардык тыгыз байланыштарды эске алуу менен биргеликте, жаралган көйгөйдү тез арада чечүү зарылдыгы туурасында бир пикирге келишти.
Валентина Матвиенко Орусия тарап менен болгон
мамиле мындан ары да өнүгөрүн, Кыргызстанды стратегиялык өнөктөш катары
колдоого Орусия Федерациясы дайыма даяр экендигин билдирүү менен катар “Биз
Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Биздин өлкөнүн саясий
жетекчилиги, парламенти Кыргыз Республикасына карата жылуу мамиледе. Эки
тараптуу өз ара мамилелерге байланыштуу дээрлик бардык маселелер ар дайым парламентчилер
тарабынан колдоо табат” деген сөзүн айтты.
Эскерте кетсек, төрага
Асылбек Жээнбеков баш болгон депутаттардын делегациясы 2013-жылдын
27-29-ноябрь күндөрү Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ
Парламенттер аралык ассамблеясынын, Евразия экономикалык шериктештигинин
Парламенттер аралык ассамблеясынын, Жамааттык
коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги
жыйындарына катышат.