Бишкекте казак жазма адабиятынын негиздөөчүсү, акын жана кара сөздүн чебери Абай Кунанбай уулунун айкели ачылды. Ачылыш аземге өлкө башчы Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катышты. Садыр Жапаров бүгүн кыргыз-казак эли үчүн өтө маанилүү күн экенин, ага өзгөчө толкундануу менен даярдык көргөнүн билдирди дешет президенттин администрациясынан.
"Улуу ойчулдун эстелигинин ачылышы эки өлкө, эки бир тууган эл үчүн маанилүү болгон, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгон жылда болуп жатканы - ары символикалуу көрүнүш.
Касым-Жомарт Кемелевичке жана эки элдин эзелтен бери келаткан ынтымагын мындан ары да чыңдай турган иш-чарага катышкан бардык адамдарга чоң ыраазычылык билдирем.
Биз тарыхый, маданий, тил жана каада-салт жагынан тамыры бир болгон эки боордош элбиз. Биздин тышкы саясатыбызда Казакстан артыкчылыктуу орунду ээлейт жана ага ѳзгѳчѳ маани берилерин баса белгилейм. Байыртадан калыптанган бекем достукка жана бир туугандыкка негизделген союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк кызматташууну чыңдоо - биздин башкы максатыбыз! Кыргыз-казак мамилелери мындан ары да бекемделип, эки өлкө элинин кызыкчылыгында өнүгө берет деп ишенем", - деди Жапаров.
Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев Абай Кунанбай уулунун эстелигинин Бишкекте ачылышы кыргыз элинин казак элине болгон өзгөчө урматынын белгиси экенин белгиледи. Ал Садыр Жапаровго эстеликти тургузууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул кадам эки элдин бир туугандыгын бекемдей турганын кошумчалады.
Казак лидери белгилегендей, жакынкы арада тилектештиктин белгиси катары Казакстанда Манастын эстелиги орнотулат.