Бишкекте Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалы ачылды

Бүгүн, 26-майда президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкектеги Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалына барышты.

Ректор Жансейит Түймебаев мамлекет башчыларына имаратты кыдыртып экскурсия кылып, билим берүү мекемеси тууралуу айтып берди. Филиалды ачуу чечими Садыр Жапаровдун 2021-жылдын март айында Казакстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында кабыл алынган. Бир жылдын ичинде филиал лицензия алды.

Студенттер бүгүнкү күндө Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө талап кылынган IT-технологиялары, тоо кен иштери, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, туризм жана башка адистиктер боюнча билим алышат. Ага Казакстандагы башкы университеттин өзүнөн профессордук-окутуучулар курамынын 30 пайызы тартылса, 70 пайыз окутуучулар Кыргызстандан болот деп мерчемделүүдө. Келечекте жамааттык пайдалануу үчүн илимий лаборатория жана технопарк түзүү пландалууда.

Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин бул филиалынан Кыргызстан менен Казакстандын, ошондой эле башка мамлекеттердин жарандары окуй алышат.

Кыргызстан менен Казакстандын лидерлери окуу жайдын имаратын көрүп чыгышып, университеттин Ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан