Бишкектеги Максим Горький көчөсүндөгү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын айып короосунда турган унаалар
өрттөндү. Буга байланыштуу республикалык башкы башкармалыктан айдоочуларга жана унаа ээлерине кайрылуу жасашты.
"Күндүн аптабында транспорт каражаттарынын ичинде күйүүчү, ысыкта жарылуучу (зажигалка, батарея, бөтөлкөдөгү суулар) заттарды калтырбоону эскертебиз", - дешти мекемеден.
Ошондой эле айып короосундагы унаалар күйүп кеткен факты боюнча териштирүү иштери башталганын кошумчалашты.
"Токтоп турган унаалардын биринен өрт чыгып, анын кесепетинен жалпы 4 унаа күйдү. Алдын ала маалымат боюнча, Мерседес-Бенц Спринтер унаасынын салонунан өрт тутануу болуп, кыска убакыттын ичинде өрт күч алып, катарлаш турган унааларга өткөн. Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы тартылып, тез арада өрт өчүрүлдү. Бул факты каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришти.