Ысык-Көлдө 4 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Ысык-Көлдө 26-май күнү кечки саат 21:50дө очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн радиусу Ысык-Көл районунун айылдарын жана шаарын камтыган.
Алсак, Ысык-Көл районунун Көк-Дөбө айылында 4 балл, Ананьево, Кароол-Дөбө айылдарында 3,5 балл, Чолпон-Ата шаарында 2,5 баллга чейин сезилген", - деп билдиришти ӨКМдан.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан