Алмазбек Бейшеналиев Сузактагы окуя боюнча: "Мугалимге ат коюп, мазактап жатат. Бул өтө ашынгандык"

Сузак районунда мугалимдин окуучуну башка чаап урушуп, ургулап жаткан видеосу тарап, талкууга алынган. Кийинчерээк окуучуга кол көтөргөн мугалим жумушунан алынып, бул коомчулуктун нааразычылыгын жаратты.

Өз кезегинде Билим берүү жана илим министрлиги Алмазбек Бейшеналиев бул окуя боюнча дагы бир билдирүү жасады. Билдирүүсүндө ал үй-бүлөдө жакшы тарбия берилгенде мындай нерсе болмок эместигин дагы бир жолу белгиледи.

"Бул туура эмес көрүнүш. Канткен күндө дагы мугалим окуучуга кол көтөрбөөгө тийиш, баланын психикасына залал келтирбөөсү кажет. Бирок коомдо мугалимди ошондой деңгээлге жеткирген көрүнүштөр көп болуп жатат. Бул тарбиянын баш оту менен берилбегендигинен келип чыгып жатат. Тарбияга биринчи жооптуу болгон бул билим берүү уюму эмес. Тарбия үй-бүлөдөн, чөйрөдөн башталат. Экинчиден, тарбияны калыптандырган формага салган бул билим берүү тармагы: мектептер, бала бакчалар, окуу жайлар. Ошондуктан биз жаңы мыйзам иштеп чыктык. Мыйзамда тарбиядагы ата-эненин жоопкерчилиги жана билим берүү тармагынын жоопкерчилиги каралган. Ошол мыйзамды буюрса, кароого киргизебиз.
Мындай нерсе руханий кемчиликтен, бошчулуктан келип чыгат.
Эгерде биз үй-бүлөдөн баштап жакшы тарбия бергенибизде, мындай маселелер болбоосу керек эле. Ал жерде конкреттүү факт болуп жатпайбы мугалимге ат коюп, мазактап жатат. Бул өтө ашынгандык. Окуучу мугалимге ат коюусу тарбиянын жаман чеги. Бирок кандай болгон учурда да, мугалим ата-энеси менен сүйлөшүп, мектеп администрациясы менен сүйлөшүп, жакшы жол менен чечүүсү керек болчу. Канчалык туура эмес болгон күндө да мугалимдерден суранарым: окуучуларга кол көтөрбөңүздөр!
Министрлик жакында эле тарбия секторун түздү, анын милдети мугалимдер, иш-чаралар, кошумча билим берүү, жакшы китептерди, чыгармаларды, видеолорду сунуштоо аркылуу балдарды тарбиялоо процессин жандандыруу болуп саналат.
Биздин максатыбыз - ар бир мектепте, ар бир бала бакчада тарбия берүү процессин кайра жандандыруу. Тагыраагы, класс жетекчилер аркылуу, мугалимдер аркылуу, иш-чаралар аркылуу, балдарга кошумча билим берүү аркылуу, жакшы материалдарды, чыгармаларды сунуштоо аркылуу ишке ашыруу. Ошол эле учурда мектептер ата-энелер менен тыгыз мамиле кылышы керек. Мугалимдерден ата-энелер менен активдүү иштөөнү суранабыз, анткени шарттар түзүлө баштады, мугалимдердин иш кагаздарын азайтып бердик. Ушунун негизинде бошогон убактыларын ата-энелер менен иштешкенге жумшаш керек. «Мектеп - үй-бүлө - бала» байланышын жакшыртууга тийишпиз.
Балага билим гана берүү жетиштүү эмес. Билим адамды адам кылбайт. Билим адамды кесипке даярдайт. Адамды адам кыла турган руханий ички дүйнөсү, тарбиясы, жүрүм-туруму, адеп-ахлагы. Президентибиз да бекеринен биринчи жарлыгын адамдын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү тууралуу чыгарган жок да. Ошондуктан биз да ошонун негизинде иш алып барабыз. Мектептер мындан кийин сөзсүз тарбияга басым жасайт. Ар бир бүтүрүүчү мектепти бүткөндүгү тууралуу аттестатты, 1 же 2 кесиптин ээси, искусство жана спорттун бирден тармагынын мыкты чебери болуп чыгат деген амбициялуу пландарды коюп жатабыз. Ушулардын негизинде баланын тарбиясы калыптанышы керек. Сөзсүз улуттук баалуулуктар, патриоттуулук сезимдери, ошонун ичинде адамдык баалуулуктар эң негизгиси болуп жатат.
Мунун баарынын ичинде бала тарбияны, адамдык баалуулуктарды калыптандыруусу керек. Анткени адамгерчилик ар дайым дүйнөдө улутуна, динине, терисинин түсүнө карабастан баркталып келет. Мисалы, калп айтууга, жаман иштерди жасоого, сөгүнүүгө, уурдоого болбойт. Дал ушул баалуулуктарды балдарыбыздын аң сезимине түйүүбүз керек", - деди Алмазбек Бейшеналиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан