Бишкектин борбордук бөлүгүнө, Раззаков, Бөкөнбаев, Орозбеков жана Чуйков көчөлөрүнө 2-5-декабрга чейин көгүлтүр отун берүү токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда “Кыргызгаз” ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта газ түтүктөрүн оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу көгүлтүр отун берүү убактылуу токтотулат.