Өзбекстандык ырчы Наргиз Закировага 50 жылга Орусияга кирүүгө тыюу салынды

Биринчи каналдагы "Голос" сынагына катышып, Орусияда атактуу болгон ырчы Наргиз Закировага 50 жылга Орусияга кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 51 жаштагы ырчыга 50 жылга, тагыраагы 2072-жылдын май айына чейин Орусияга кирүүгө тыюу салынган. Ырчы буга чейин Украинадагы жаңжалга каршы чыккан.

Белгилей кетсек, Наргиз Закирова 2013-жылы Орусиянын "Голос" теле сынагында 2-орунду ээлеген. Ырчы айым АКШнын жарандыгын да алганы белгилүү. Буга чейин ал 2017-жылы Крымдагы концертинен улам Украинанын "кара тизмесине" алынып, аталган өлкөгө кирүүсүнө толугу менен тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан