Украинадагы жаңжалда Сыргакбек Өзүбеков аттуу дагы бир кыргызстандык каза болгондугу айтылууда

Украинадагы жаңжалда дагы бир кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу "Московский Комсомолец" басылмасы Сахалин облусунун губернатору Валерий Лимаренкого шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Губернатордун айтымында, 18-майда жоокер Сыргакбек Өзүбеков согушта баатырларча курман болгон. Губернатор каза болгон жоокердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, анын үй-бүлөсүнө керектүү жардам көрсөтүлөрүн белгилеген.

Өз кезегинде Мээрим Дөөлөтбекова аттуу социалдык тармактын колдонуучусу Украинадагы жаңжалда тааныштарынын баласы каза болгонун жазды.

"Украинада болуп жаткан каргашалуу атың өчкүр согуш 19 жашка жаңы толгон аяш уулубузду алып тынды. Маркумдун сөөгү кичи мекенине жеткириле элек. 18-майдан бери кагаз иштери бүтпөй, жок шылтоолорду айтып, жанды кашайтып бүтүштү. Ата-энеси кан жутуп, күтүп жатышат", - деп жазды ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан