ӨКМ өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн экендигин эскертти

Бүгүн, 27-май күнү жана 28-29-май күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Жер жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бийик тоолуу аймактарда жайгашкан райондордо кар жаап, 28-майда кээ бир райондордо, 29-майда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Мындан сырткары тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Өлкөдөгү туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Аймактарда өзгөчө кырдаал жаралган учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына чалып, жардам сураңыз. Чалуу акысыз”, - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан