Айдоочулардын эсине! Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннель убактылуу жабылат

Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннель убактылуу жабылат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жай мезгили келип чабандар мал жандыктары менен Суусамыр өрөөнүндөгү жайлоолорго көчүп жатышат. Буга байланыштуу Бишкек – Ош унаа жолундагы Көлбаев атындагы тоннель аркылуу мал айдап өтүшөт.

Ошондуктан тоннелде жол тыгынын болтурбоо жана коопсуздукту сактоо максатында, унаалардын бардык түрүнө 15-20 мүнөт аралыкты сактоо менен тоннелдин эки тарабынан тең убактылуу жол жабылып турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан