2014-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 17 миллиард сом. Муну бүгүн, 29-ноябрда “Республика” фракциясынын жыйынында каржы министринин орун басары Таалай Таткулов билдирди. Айтымында, бюджет тартыштыгынын 16 миллиарды тышкы, 1 миллиарды ичи булактардын эсебинен жабылат. “Эң ири киреше булактары – салык жана бажы кызматтары”,- деди министрдин орун басары.