Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өлкөлөрдү маймыл чечек оорусуна көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө өлкөлөрүн маймыл чечек оорусуна каршы көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, уюмдун улук эпидемиологу Мария Ван Керкхове инфекциялар 20дан ашык өлкөдө аныкталганын айтып, алардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин билдирген.

"Биз өлкөлөрдөн көзөмөлдү күчөтүүнү суранып жатабыз. Бул кыйын болот", - деген ал.

Буга чейин Женева университетинин Глобалдык ден соолук институтунун директору Антуан Флао маймыл чечек оорусуна чалдыккандардын көбөйүшү жаңы эпидемиянын башталышынан кабар бериши мүмкүн экендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан