Бишкекте каналга түшүп кеткен жаранды издөөгө 19 адам тартылып, натыйжа болгон жок

Бишкекте каналга түшүп кеткен жаранды издөө иштери улантылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ күнкү издөө иштери натыйжа берген эмес.

Маалым болгондой, 26-майда Көлбаев менен Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде каналга белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу нөөмөт бөлүмгө билдирүү түшкөн. Жерине жалпы 9 куткаруучу, 3 суучул тартылган. Кечки саат 20:15те кошумча 7 куткаруучу тартылып, натыйжа болгон жок. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 27-майда издөө иштери улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан