Тышкы иштер министри Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы менен актуалдуу маселелерди талкуулады

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Чжан Минди кабыл алды. Тышкы саясий ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда актуалдуу маселелер талкууланып, 2022-жылга мындан аркы кызматташуу боюнча пландар белгиленди.

Министрдин айтымында, Кыргыз мамлекети ШКУнун ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишиминде, башка документтеринде камтылган бардык багыттар уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнү тастыктай тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле ШКУнун чечимдерин ишке ашыруунун, анын ичинде Бишкек шаарында эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборунун мекемесин иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тараптар дээрлик бардык тармактарда активдүү өз ара аракеттенүү ишке ашырылып жаткандыгын, бул коопсуздук, терроризмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, гуманитардык, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо, маданият, айлана-чөйрөнү коргоо маселелери жана башка көптөгөн маселелер экендигин белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан