30-майдан 3-июнга чейин Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт

30-майдан 3-июнга чейин Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайынын 129-чакырымында (темир жолдун 3899-чакырымы) таштар түшүрүлөт.

Иш күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылгандан кийин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат. 30-40тан ашык унаа топтолгондо таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унаалардын өтүүсүнө шарт түзүлүп турат.

Иш-чара кооптуу факторлордун алдын алуу максатында өткөрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан