Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов абитуриенттерди педагогикалык жана инженердик адистиктерди тандоого чакырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Байсалов Бишкектеги №24 мектеп-гимназиясынын базасында уюштурулган тестирлөө борборуна барган. Ал борбордун жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүгө даярдыгын текшерип, бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо шарттары, аудиториялардын сыйымдуулугу, ошондой эле тесттик материалдардын сакталышы жана даярдалышы менен таанышты.
"Эдил Байсалов журналисттер үчүн брифингде мамлекет тарабынан билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер, учурда талап кылынган жана келечектүү кесиптердин өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, ошондой эле абитуриенттерди жогорку окуу жайларга тапшырууда педагогикалык жана инженердик адистиктерди тандоого чакырды", - деп жазылган маалыматта.