Эдил Байсалов: "Окуучу тартип бузса анын ишин мектеп жетекчилиги жана ата-эне кароосу керек"

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мугалим менен окуучунун ортосунда пайда болгон пикир-келишпестикти мектеп директору жана ата-эне чечүүсү керектигин айтты.

Маалыматка ылайык, Байсалов Бишкектеги №24 мектеп-гимназиясынын базасында уюштурулган тестирлөө борборуна барганында журналисттердин суроолоруна жооп берген.

Мугалим менен окуучунун ортосунда пикир келишпестик жаралган учурда же окуучу тартип бузса, өзүн агрессивдүү алып жүрүп мугалимдин беделине сокку боло турчу аракет кылса ал мугалимдин иши болбоосу зарыл. Мугалим ошол замат окуучуну мектеп директоруна өткөрүп бериши керек.

Сабак учурунда чыккан түшүнбөстүк мугалимди анын негизги билим берүү ишинен алагды кылбашы керек. Эгер окуучу тартип бузса анын ишин мектеп жетекчилиги жана ата-эне кароосу керек”, - деген Байсалов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан