Башкы прокурор Курманкул Зулушев Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон менен жолугушту. Тараптардын жолугушуусу бүгүн, 27-майда Баткен шаарында орун алганын прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашат.
Иш-чарага коңшулаш эки өлкөнүн көзөмөл органдарынын тиешелүү түзүмдүк башкармалыктарынын жетекчилери, чектеш райондордун, шаарлардын жана облустардын прокурорлору катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун алкагында жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, анын ичинде эркиндигинен ажыратылып соттолгон жарандарды өз мекенине мындан аркы жазасын өтөө үчүн өткөрүп берүү, ошондой эле чек арадагы чыр-чатактарды алдын-алуу жана болтурбоо маселелерин талкуулашты.
Тараптар Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болгон көп тараптуу жана эки тараптуу макулдашуулардын алкагында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, эки мамлекеттин чектеш район, облустарынын прокурорлорунун ортосунда түздөн-түз жумушчу байланыштарды чыңдоо зарыл экендигин белгилешти.