Алымкадыр Бейшеналиев: "Эми реформаны региондордон баштайм" (видео)

Бүгүн, 27-майда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталына маек берип жатып эми реформаны региондордон баштай турганын айтты.

"Акыркы иш сапарым жакшы өттү десем болот. Медицина тармагындагы бир топ маселелерди чечүүгө аракет кылдык, бул иштер мындан ары да уланат. Эми реформаны региондордон баштайм деп турам. Анткени аймактарда мыйзамсыз иш алып баргандар толтура. Эч кандай талаптарга жооп бербеген шартты иш алып барып жатышат. Андан сырткары, аборт жасап жаткан жеке менчик клиникаларды жоём. Эл эле "кет" дебесе кызматтан кетпейм. Жасай турчу реформаларды аягына чыгарам", - деди министр.

Министр маектин алкагында өзүнүн орун басарлары, жеке жашоосуна тийиштүү сүрөттөрдүн коомчулукка тарашы боюнча кенен маалымат берди. Маек толугу менен видеодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан