Соода аянттарында кумшекердин убактылуу жетишсиздиги жана анын баасынын жогорулашынын себеби айтылды. Тагыраагы, заводду чийки зат менен камсыздоого байланышкан маселелерден улам өндүрүш бир нече күнгө токтоп турган. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев "Кайыңды-Кант заводунда болду.
"Республикага кант камышынын сырьёсун жеткирүү азыртадан эле башталды. Учурда завод ишин жандантты, ишкана өлкөнүн соода тармактарына суткасына 550 тонна кумшекер жөнөтөт", - деп белгилешти басма сөз кызматтан.
Буга чейин рынокту кант менен толтуруу жана ата мекендик заводдордун өндүрүштүк кубаттуулуктарын пайдалануу максатында министрлер кабинети республикага 105 миң тонна бажы алымсыз кумшекерди жана чийки кантты жеткирүүгө квота бөлүү маселесин иштеп чыккан.
"Айыл чарба министрлиги тарабынан 49 миң тонна чийки кант жеткирүү ата мекендик кант заводдоруна бөлүнгөн. Чийки зат Бразилиядан кымбат баада сатылып алынгандыктан сатуу баасына таасирин тийгизди. Калган көлөмү Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен жеке ишканалардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Жеткирип берүү боюнча келишимдер түзүлөт. Кумшекер республикага келет", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаковдун айтымында, кант заводдору менен ири соода түйүндөрүнүн ортосунда кумшекерди сатуу боюнча келишим түзүлдү. Ага ылайык, акция менен бир адамга суткасына 1 килограмм кумшекер 79 сомдон (жеңилдетилген чекене баа) сатылат. Ал эми 1 килограммдан ашык сатып алууга 85 сомдон баа коюлган.
Бакыт Төрөбаев тиешелүү ведомстволорго өлкөнүн соода аянтчаларындагы кумшекердин баасын көзөмөлдөөнү, ошондой эле чийки затты өз убагында камсыздоону тапшырды. Мындан тышкары, кумшекерди өлкөнүн чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизүү маселесин кароо боюнча тапшырмалар берилди.