Түркияда өтө турган дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык башталды

Кыргызстан Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданып баштады.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясат министрлигинен кабарлашкандай, бүгүн, 27-майда биринчи ведомстволор аралык жыйын өттү.

Анда иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү боюнча комитетин түзүү чечими кабыл алынып, бардык компоненттер (маданият, спорт жана маалымат каражаты жана башка) боюнча өкүлдөрдү киргизүү боюнча иштер башталат.

Эске салсак, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында өтөт. Учурда Түркияда оюндарды өткөрүү боюнча жумушчу комитет иштеп жатат. Иш-чараны өткөрүү үчүн мыкты режиссёрлор тартылганы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан