Бишкекте бүгүн, 29-ноябрдагы жайында КСДП фракциясы 2014-жылга республикалык казынанын долбоорун жактырды.
Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева өкмөт жыл аягында казынага өзгөртүүлөрдү киргизбестен, кабыл алынган түрүн аткаруусу керектигин белгиледи.
“Эгерде казынанын долбоору толук аткарылбаса, анда өкмөт кызматтан кетүүсү керек. Маанилүүлүгү ушундай болууга тийиш”,- деди.
Мындан сырткары 2011-2012-жылдардын казынасы оптимисттик деп аталганын белгилеп, бул жылдыкы кандай аталарына кызыкты. Каржы министри Ольга Лаврова болсо депутат айымга “Ал - алыңа ченеп иш кыл” деп аталат”,- деген жооп узатты.