Кытай Орусиянын Boeing жана Airbus учактары үчүн аба мейкиндигин жапты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышат.
Маалыматтарга караганда, Кытайдын авиациялык бийлиги бардык авиакомпаниялардан электрондук маалыматтарды актуалдаштырууну талап кылган. Ал эми орус авиакомпаниялары талаптарды аткарган эмес. Мындан улам Кытай тарап орус учактары үчүн аба мейкиндигин жабууга туура келген.
Орусиядагы аталган авиакомпаниялар бул маалымат боюнча комментарий бере электиги айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Украинадагы кырдаалдан улам Европанын дээрлик бардык өлкөлөрү Орусиянын учактары үчүн аба жолдорун жапкан.