Акыйкатчы Сузактагы мугалим менен окуучунун чыры боюнча: "Аксакалдар, чоңдор ортого түшүп жатат"

Акыйкатчы Атыр Абдырахматова окуучуга кол көтөргөн мугалимди жумуштан кетирүү буйругу жокко чыгарылганы боюнча пикирин билдирди. Ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Конституция, эл аралык стандарттар дагы 14 жаштагы кыздын, анын классташтарынын укуктарын коргоо керектигин талап кыларын белгилейт.
Айтымында, ар бир баланы мамлекет, бийлик, коом жана ар бир инсан коргоосу керек.
"Жагамбы, жакпаймбы ар бириңердин эркиңер, бирок мен үчүн "бирөөнүн баласы" деген түшүнүк жок. Азыр өспүрүм кыздын укугун коргоп, адилеттүү болуудан окуучунун гана тагдыры эмес, бардык классташтырынын, айылдаш курбуларынын, мамлекеттеги бардык окуучулардын тагдыры чечилерин унутпагыла.
Мугалим окуткандын ордуна сөксө, урушса, кемсинтсе, урса, сабаса унчуга албайбыз. Ар бир кыргызстандык, жашы жете элек кыз, бала эч ким эч нерсе кылбайт деп түшүнүп калат.
Мугалим баланы окуткандан, тарбия бергенден көрө, окуучуларга эптегенин жашыруу үчүн же жаман көңүлүн балдардан чыгарып зиркилдесем, ырайымсыз мамиле кылсам, урсам, зордуктасам, кыйнасам, кемсинтип укугун бузсам - мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылбайм, директор, “районо”, министр мени колдойт деп канча балдарыбыздын тагдырын бузушат.
Мамлекет, Билим берүү жана илим министрлиги, министрлер кабинети 30 жылдан ашык түптөлгөн "бармак басты, көз кысты" кылып мугалимдин, директордун күнөөсүн өспүрүм кызга илип, карапайым ата-энесин жаманатты кылгылары келсе - мыйзам алдында болбосо да, өз абийринин алдында, тарых алдында жооп беришет. Өспүрүм кыздын укугун тепселеген кандай оңой? Алсыз, жаш, кыз бала, карапайым, таанышы жокту "алдаган", оозун баскан кандай оңой? Өзгөрүү качан болот “система”?
1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өкүнүчтүү жаңылык.
Азыркы учурда биздеги маалымат боюнча, аксакалдар, чоңдор ортого түшүп, кызды тезирээк ооруканадан чыгарып, тосмо арыз жаздыртуу аракеттери жүрүп жатат. Мугалимди кайра мектепте калтырышыптыр, директордун жоопкерчилиги жөнүндө тымтырс. Акыйкатчы катары жерине барып альтернативдүү иликтөө жүргүзгөнгө, өспүрүм кыздын укугун коргогонго чыгам", - деп жазат акыйкатчы.
Ошондой эле Атыр Абдырахматова окуучу кызга колдонулган кыйноо боюнча Стамбул протоколу түзүлгөнүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, социалдык тармакка сабак учурунда мугалим окуучу кызды урушуп, уруп жаткан видеосу тараган. Жалал-Абад ОИИБи жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканын билдирген. Кийинчерээк мектеп директору кол көтөргөн мугалим иштен алынарын SUPER.KG порталына айткан. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлүп, териштирүү жүргүзөрүн кабарлаган. Комиссия чечим чыгарып, ага ылайык, мугалимди иштен кетирүү буйругу жокко чыгарылган.

Сабалган кыздын окуя тууралуу айтканы бул шилтемеде, ал эми апасынын пикирин бул жерден, ошондой эле мугалимдин кечирим сураганы шилтемеге өтүп окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан