Орусиянын президенти Владимир Путиндин ысымы ыйгарылган туу чокуда Украинанын желеги Кыргызстандын желегине алмаштырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов билдирди.
Ал социалдык тармактагы баракчасына: "Абдан кыйын жана узак күн. Кыргыз Республикасынын желегин көтөрдүк. Биздин туубуз мындан ары да бардык чокуларыбызда болот", - деп жазды.
Буга чейин социалдык тармакта аталган Путин чокусунда Украинанын желеги турган видео жарыяланган. Кийинчерээк видеонун авторлору милицияга чакырылган.
Аталган чоку 2011-жылы Орусиянын президенти Владимир Путиндин урматына аталган. Путин чокусу деңиз деңгээлинен 4446 метр бийиктикте, Бишкектен анча алыс эмес Ак-Суу капчыгайында жайгашкан.