Индиянын Жогорку Соту бийликти сойкулукту кесип катары кабыл алууга чакырды

Индиянын Жогорку Соту сойкулукту кесип катары кабыл алып, аны менен алектенгендерди коргоо керек экендигин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган аймактын судьялары сойкулук менен алектенгендерди башка кесиптин ээлери сыяктуу эле бирдей укукка жана кадыр-баркка ээ экендигин белгилешкен.

"Сойкулук менен алектенгендер камакка алынып, басмырлоого кабылбашы керек жана өз макулдугу менен жыныстык катнашка барышса милиция кызматкерлери кылмыш ишин козгобоого тийиш. Ошондой эле сойкулук менен алектенген аялдардан баласын эч ким алардан ажырата албайт.

Ал эми массалык маалымат каражаттары алардын өздүгүн ачыкка чыгарбоого жана жеке сүрөттөрүн жарыялабоого милдеттендирилди.

Жогорку Сот Индиянын бийлик органдарын бул сунушка колдоо көрсөтүүгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан