Ош. Бүгүн депутат Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митингге чыккан элдин алдына экс-акыйкатчы Турсунбек Акун барат

20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары менен жолугушууга Алайга экс-акыйкатчы Турсунбек Акун барат. Бул тууралуу митингдин уюштуруу тобунун мучөсү Марапат Осмоналиева билдирет. 

Учурда митингге чыккан Алай эли экс-акыйкатчыны күтүп жатышат.

Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура Ахматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексинин 303-304-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутатка карата 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деген айып тагылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан