Тажикстанда 7 өлкөнүн коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү жолугушуп, Ооганстандагы кырдаалды талкуулашты

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилердин, катчылардын жыйыны болду. Ага Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов да катышканын президенттик администрациядан кабарлашты.

Иш-чарада Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын коопсуздук тармагынын өкүлдөрү катышып, Ооганстан маселелери боюнча төртүнчү аймактык диалог орун алды.

Анда Ооганстандагы кырдаалдын мүнөзү, ар кандай чакырыктар жана коркунучтар тууралуу пикир алмашышты. Көйгөйлөрдүн бүткүл комплексин талкуулоо менен катышуучулар Ооганстандын келечегин оогандыктар өздөрү курушу керек деген пикирге келишти.

"Терроризмге, баңги аткезчилигине, курал-жарак сатуу жана башка коркунучтуу кылмыш көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү жаатында көп тараптуу кызматташтыкты активдештирүү менен бирге Ооганстанды азыркы эл аралык процесстерге тартуу зарыл. Гуманитардык жана экономикалык каатчылыктан чыгууда Ооганстанга жардам көрсөтүүнү улантуу маанилүү.

Марат Иманкулов белгилегендей, Кыргызстан Ооганстандагы коопсуздук маселелеринде, анын ичинде бул өлкөнүн азыркы жетекчилигинин аракеттеринин натыйжасында оң жылыштарга үмүттөнөт. Анткен менен Ооганстандагы туруктуулукка кызыкдар мамлекеттер БУУ, ЖККУ жана ШКУ сыяктуу эл аралык механизмдердин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, ар бир коркунучту биргелешип жана комплекстүү иштеп чыгып, тыштан терс таасир тийгизүүчү аракеттерге өз убагында жана эффективдүү жооп кайтаруунун көп деңгээлдүү системасын түзүшү керек", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан