Министрлер кабинетинин төрагасы Ысык-Көлдө IT айылын ачууну сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Заманбап санариптик банк жана экосистема" форумунда Орусиянын "Сколково" фондуна Ысык-Көлдө IT айылын ачууну сунуштады.

"Биздин өлкөдө финансылык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп электрондук коммерция, финансылык жана банктык кызмат көрсөтүүдө аралыктан тейлөөнү активдүү өнүктүрүү болуп саналат. Биз муну менен эле токтоп калбай, өлкөнүн каржылык-экономикалык процесстерине накталай эмес инновациялык продукцияны киргизүүнү тездетип жатабыз”, - деп белгилеген Жапаров.

"Сколково" фондунун компетенттүүлүк борборунун директору Павел Новиков каржы-экономикалык чөйрөдө, жергиликтүү стартаптарды жана санариптик инновацияларды киргизүүдө, мындан ары илгерилетүүдө кызматташууга даяр экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан