Бүгүн, 29-майда Бишкекте Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маараке Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Иш-чараны УТРК жана республикалык телеканалдар түз алып көрсөтөт. Эфир саат 11:00дө башталат.