Туура эмес демделген чай кызыл өңгөчтүн рагына алып келиши мүмкүн

Туура эмес демделген чай организмге бир катар олуттуу зыяндарды келтирип, рак ооруларына алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу түркиялык дарыгер Осман Эркке таянуу менен чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, адистердин айтымында чайды кайнатылган сууга эмес, ысык сууга демдөө зарыл. Өтө жогорку температура таниндердин бузулушуна алып келип, натыйжада канцерогендерге айланат. Мындан тышкары өтө ысык чай механикалык түрдө кызыл өңгөчтү дүүлүктүрүп, сезгенүүнү пайда кылат.

Адистер белгилегендей, чайды ишенимдүү жерлерде чогултулган жана таңгакталган жерден ичүү керек. Айрым өндүрүүчүлөр ферментация процессин тездетүү жана сактоо мөөнөтүн узартуу үчүн чай жалбырактарына химиялык ыкмаларды колдонушат. Чай демделген учурда бардык химиялык процесстер ишке киришет.

Ошондой эле чайды өндүрүүчүсү жана таңгактоочусу бир аймакта жайгашкан жерден тандоо сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан