Кечээ, 28-май күнү Ирландиянын чыгыш аймагында маймыл чечегинин алгачкы учуру катталды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Маймыл чечегин жуктурган адам ооруканага жаткырылган жок. Учурда дарыгерлер бул инфекцияны жуктуруп алган дагы башка адамдарды издеп жатышат", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, маймыл чечеги буга чейин да бир канча өлкөлөрдө катталган.