Казакстанда 6 адам белгисиз нерсеге ууланып каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
"Павлодар облусунан 6 адам белгисиз затка ууланып каза болду. 27-майда саат 22:17де Иртышск айылында 1955-жылы туулган үй ээсинин жана анын 32 жаштагы уулунун жансыз денеси, 28-майда саат 07:15те райондук ооруканадан 1975-жылы туулган айыл тургуну көз жумган. Ошол эле күнү саат 07:24тө 1957-жылы туулган пенсионер үйүнөн көз жумган. Андан кийин дагы эки айыл тургуну көз жумган. Бардык айыл тургундарынан денесинен зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес", - деп билдиришкен Павлодар облусунун ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы.