Маймыл чечеги оорусу Европанын дагы бир өлкөсүнөн табылды

Финляндияда маймыл чечеги оорусу алгачкы жолу катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, инфекция Европадан келген эркек адамдан аныкталган. Ал акырындап айыгууда. Андан оорунун белгиси 25-майда байкалган.

Буга чейин маймыл чечек оорусу Европанын бир катар өлкөлөрүндө аныкталган. Испанияда бул оору менен ооругандардын саны 80ден ашты. Окумуштуулар маймыл чечеги оорусу венерикалык оору эмес экенин, ошондуктан азыр ар бир адам этият жана сергек болушу керектигин баса белгилешүүдө. Инфекция жакын байланыш аркылуу болот.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөдө маймыл чечеги оорусу 200дөн ашык адамдан аныкталганын билдирди. Бирок оору мындан дагы көп болушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан