"Ливерпуль" клубунун күйөрмандары Чемпиондор Лигасынын финалдык беттешинен кийин Париждин полициясы тарабынан сабалганы айтылууда. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Париждин чыгыш тарабындагы "Улут" аянтында футбол беттешин түз эфирде көрүп жаткан күйөрмандар жергиликтүү тартип сакчылары тарабынан ур-токмокко алынган. "Полиция дубинка менен куралданган. Жабыркагандардын арасында аял кишилер бар", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми полиция кызматы мындай кадамды күйөрмандардын арасында мас адамдардын көп болгондугу жана ызы-чууга орун алгандыгы менен түшүндүргөн. Ошондой эле финалдык беттешке чейин жана оюн учурунда ар кандай бейбаштыктарга шектелип, 46 адам кармалганын маалымдаган.