Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлерине баш ийбей, жол кыймылына тоскоолдук жаратып кайыр сураган кыздарга протокол түзүлүп, миң сомдон айып салынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
"Милициянын кайгуул кызматкерлери Чыңгыз Айтматов жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак өчүп, ошол жерде жол кыймылын жөнгө салып жаткан учурда көчөдө кайыр сураган кыздар жолдун ортосунда айдоочуларга тоскоолдуктарды жаратышкан. Айдоочулар да жолдогу кайырчыларды жолдон тазалоону өтүнүшкөн. Кызматкерлер кыздарды жолдон чыгарууга аракет кылганы менен алар баш ийбей кызматкерлерди чаап, тээп жиберишкен. Кызматкерлер бул жарандардын кыз бала экендигин эске алып, эч кандай күч колдонбостон аягында баарын Октябрь РИИБине жеткиришкен. Азыркы учурда бул жарандардын аты-жөнү аныкталып, кылган кылыктары үчүн түшүндүрмө берүүдө. Ошондой эле кыздарды кайырчы кылып көчөгө чыгарып, акча чогултууга мажбур кылгандар текшерилет", - деп жазылат маалыматта.