Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда заводдогу жарылуу: Жаракат алгандардын арасында Кытай жана Өзбек жарандары бар

Жалал-Абадда темир иштетүүчү заводдогу жарылуудан жаракат алган 7 адамдын экөө Кытай жарандары болгон. Бул тууралуу ӨКМдан маалымат таратышты.

Ага ылайык, ЖЧК "Мин-Ксин" темир заводдун аймагында темир эритүүчү меш жарылып, 3 эркек киши (1993-жылы туулган К.С, 1991-жылы туулган Б.А. жана 1996-жылы туулган А уулу А. (Кыргыз жарандары) оор жаракат алышкан. Алар "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми 4 эркек киши (2004-жылы туулган Ж.Э. (Кыргыз жараны), 1991-жылы туулган Р.С. (Өзбек жараны) жана 1973-жылы туулган Ш.З., 1993-жылы туулган Л.Х. (Кытай жарандары) жеңил күйүк алышкан. Алар медициналык кароодон өткөрүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Жерине 3 куткаруучу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан