
Казакстандын Астрахань-Атырау каттамындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу поездде жүргүнчү аял көз жарды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, төрөттү поезддин кондукторлору менен поезддин жетекчиси кабыл алган. Казакстандык аял Курмангазы айылынан Атырауга бара жаткан. Таңкы саат 5те толгоосу башталган. Натыйжада, ал поездден аман-эсен көз жарып, кыздуу болгон.
"Поезддин начальниги Сауле Ильясова башчылык кылган поезд бригадасынын кызматкерлери зарыл чараларды көрүштү. Алар машинистке кабарлап, жакынкы станцияга "Тез жардам" кызматын чакырышты", - деп билдиришкен "Казакстан улуттук Темир жолу" ишканасынан.
Поезддин башчысы жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында иштеген 15 жыл аралыгында мындай окуяга биринчи жолу туш болгонун белгилеген.